Президент Коргоо министрин кабыл алды

Президент Коргоо министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти - Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Даурен Косановдун өткөн жылдагы мекеменин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө докладын укту. Мамлекет башчысына казак армиясынын абалы тууралуу маалыматат берилди. Сөз согуштук даярдык, санариптик чечимдерди киргизүү жана аскердик инфраструктураны модернизациялоо жөнүндө болду. Ошондой эле, Куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик жана укуктук тартипке көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев министрдин алдына конкреттүү милдеттерди койду, анын ичинде армиянын согуштук даярдыгын сактоо жана аскердик тартипти чыңдоо бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков