Казакстандын жаңы Баш мыйзамы боюнча өтө турган жалпы элдик референдум бюллетенинин үлгүсү жарыяланды. Анда «Долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарында 2026-жылдын бирдин айынын 12де жарыяланган Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл аласызбы?» деген суроо болот. Жарандарга эки нуска сунушталган: «Ооба» же «Жок». Белгилей кетсек, референдум жалган куран айынын 15де өтөт. Баш мыйзамдын 84% өзгөртүү киргизилмекчи.
Нурлан Абдиров,
Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:
– Электрондук
өкмөт порталында жарандардын катталган жери боюнча маалыматтарды текшерүүнүн
онлайн сервисин ишке ашыруу тууралуу жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү
министрлиги менен биргелешкен иш жүргүзүлүп жатат. Учурда бул сервис республика
боюнча участкалардын болжол менен 50 пайызына кошулган. Бул жарандардын
маалыматтарын ыкчам текшерип тактоого мүмкүндүк берет.
Борбордук
референдум комиссиясынын төрагасы референдумда майыптыгы бар адамдардын добуш
берүүсүнө да толук шарттар түзүлөрүн билдирди. Нурлан Абдировдун айтымында,
бардык участкаларда Конституция долбоорунун тексти аудио коштоо менен
жайгаштырылмакчы. Көзү көрбөгөн жана начар көргөн жарандар үчүн Брайль шрифти
менен даярдалган трафареттер да басылып чыгарылып, участкаларга жеткирилет. Ошондой
эле, бюллетенди толтуруу боюнча атайын аудио нускама каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

