Астана шаарында
премьер-министр Олжас Бектенов «Эгмонт» тобунун аткаруучу катчысы Жером Бомон
менен глобалдык каржылык туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы өз ара
аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулады. Тараптар
Казакстандын президентинин уюмдун төрагасы менен болгон сүйлөшүүсүндө
жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдарга да
токтолушту. Ошондой эле жолугушууда кирешелерди мыйзамсыз чыгарууга жана терроризмди
каржылоого каршы өз ара аракеттенүү механизмдери каралды. Жером Бомон
Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалады. «Эгмонт» тобу
дүйнөнүн 182 юрисдикциясын бириктирет. 2023-жылдан баштап Казакстан анын
түзүмүндө аймактык өкүл кызматын аткарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

