К. Токаев Улуттук банктын отчётун укту

К. Токаев Улуттук банктын отчётун укту

Казакстанда жыл башынан бери инвестициялык киреше 14% жакындап, алтын-валюта резервдери 36% көбөйдү. Ал эми Улуттук фонддун валюталык активдери 4,8 млрд долларга өстү. Улуттук банктын төрагасы Президентке экономика менен каржы системасынын абалы жана быйылкы акча-насыя саясатынын негизги багыттары тууралуу отчёт берип, келерки жылга арналган планды тааныштырды. Буга байланыштуу Тимур Сүлейменов өлкөдө 2026-2028-жылдарга арналган макроэкономиканы турукташтыруу жана калктын жыргалчылыгын арттыруу боюнча программа ишке ашырылып жатканын билдирди. Касым-Жомарт Токаевге жапырт санариптештирүүнүн жүрүшү жана Улуттук банктын санариптик долбоорлору жөнүндө баяндалды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы инфляцияны төмөндөтүүгө, каржы рыногу менен санариптик трансформация секторунун туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп, Улуттук банктын ишине байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков