Өкмөт реформаларды ишке ашырууну тездетүүдө

Өкмөт реформаларды ишке ашырууну тездетүүдө

Казакстандын Премьер-министри өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Мамлекет башчысы берген тапшырмалардын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Олжас Бектенов жаңы Конституция экономиканын сапаттуу өсүшүн тездетүүгө багытталаарын баса белгиледи. Кирешелерди көбөйтүү, инфляцияны төмөндөтүү жана реалдуу секторду колдоо иштин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Мисалы, Улуттук банк менен биргеликте инфляцияны 9-11%га чейин төмөндөтүү боюнча план даярдалат. Бугу айынын 1не чейин 2026-2029-жылдарга карата калктын кирешесин жогорулатуу программасы кабыл алынат. Ошондой эле EGov Business платформасындагы «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бизнести мамлекеттик колдоо чараларын өнүктүрүү улантылат. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө жана жасалма интеллект чечимдерин киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Олжас Бектенов өкмөткө KazLLM тил моделин колдонууну кеңейтүүнү, Aitu мессенджеринин функционалын жакшыртууну, ошондой эле суу ташкындарын жана өрт коркунучу бар мезгилди болжолдоо боюнча Tasqyn жана Talsim системаларын бириктирүүнү тапшырды. Премьер-министр башка тиешелүү мекемелерге да тапшырмаларды койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков