Казакстан Президенти Кызылорда облусуна иш сапары менен келди

Казакстан Президенти Кызылорда облусуна иш сапары менен келди

Казакстандын Президенти Кызылорда облусуна барды. Жумуш сапары «Коркыт ата» эл аралык аэропортунун жаңы терминалы менен таанышуудан башталды. Бул жерде Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге жүргүнчүлөрдү каттоо жана текшерүү аймактары, чек ара-бажы көзөмөл пункттары, күтүү залы, ошондой эле автоматташтырылган жүк берүү системасы көрсөтүлдү. Жаңы терминалды ишке киргизүүнүн аркасында аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү кыйла жогорулады. Объект Эл аралык жарандык авиация комитетинин жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын жогорку стандарттарына ылайык келет.

Андан соң Кызылорда облусунун акими аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчет берди. Нурлыбек Налибаевдин маалыматы боюнча, акыркы 4 жылда аймактын экономикасына салынган инвестициянын көлөмү 233%га өскөн. Быйыл аймакка 720 миллиард теңгеден ашык каражат тартуу пландаштырылган. Анын ичинен 70%ы жеке инвестициянын үлүшүн түзөт. Алдыдагы үч жылда аймакта наркы 2 триллион теңгеге жакын 90 инвестициялык долбоор ишке ашырылмакчы. Быйыл 27 объектти ишке киргизүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө анын тогузу пайдаланууга берилди. Мамлекет башчысы долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Өнөр борборун кыдырды. Былтыр ачылган имаратта концерттер, чыгармачылык кечелер жана ар кандай коомдук иш-чаралар уюштурулат. Борбордо бир нече чыгармачылык жамаат жайгашкан. Мамлекет башчысы облустук симфониялык оркестрдин даярдык жүрүшүн көрдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков