К. Токаев суу каптаган Батыш Казакстандагы абал менен таанышты

К. Токаев суу каптаган Батыш Казакстандагы абал менен таанышты

Касым-Жомарт Токаев Батыш Казакстан облусунун Теректин, Сырым жана Каратөбе райондорунун абалы менен жеке өзү таанышты. Мамлекет башчысынын жумушчу сапары суу каптаган аймактардын үстүнөн учуу менен башталды. Облус акими Нариман Төрегалиев билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата суу ташкыны 6 район менен Орал шаарын каптады. 500дөн ашуун турак жай жана 400дөн ашык дача участоктору жабыркады. 7 миңге жакын адам эвакуацияланып, алар үчүн атайын пункттар уюштурулду. Материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 63 миллион теңге бөлүнгөн. Учурда сууну сордуруу, объекттерди тосуу жана өтмөктөрдү кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Суу ташкынын алдын алуу иш-чараларына жалпысынан 2 миңдей адам тартылып, Алматы жана Маңгыстау облустарынан куткаруучулар, 332 техника, тик учак тартылды.

Андан кийин Казакстандын президенти Каратөбе районунун борборундагы эвакуация пунктуна барды. Алар гимназия мектебинде жайгаштырылган. Бул жерде мамлекет башчысы жакынкы айылдардын эвакуацияланган тургундары менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев учурдагы суу ташкындары масштабдуу болгонун белгилеп, мамлекет келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүнө ишендирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Мен атайын абал менен жеринде таанышуу үчүн келдим. Бул болуп көрбөгөндөй табигый кырсык, андыктан ага каршы биригип, чогуу турушубуз керек. Мамлекет, өкмөт жардам колун сунуп, материалдык жана каржылык жардамдар көрсөтүлөт. Бул үчүн тынчсызданбаңыздар, баары жакшы болот.

Тургундар Президенттен Жаксыбай жана Калдыгайты дарыяларына көпүрөлөрдү курууну, ошондой эле, эл жашаган аймактарга жакын жердеги дамбаларды оңдоону суранышты. Мамлекет башчысы өкмөткө тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков