Акмола облусунда Аскердик-тарыхый музейдин филиалы ачылды

Акмола облусунда Аскердик-тарыхый музейдин филиалы ачылды

Акмола облусунда аскердик тарых музейи ачылды. Родина айылында филиал иштеп баштады, анда согуш мезгилиндеги 16га жакын аскердик техниканы чагылдырган 100дөн ашык экспонат бир жерде жайгаштырылган. Алардын арасында брондолгон унаалар, артиллерия, учактар жана майда куралдар бар. Мында Акмолалык баатырлардын эрдиктери тууралуу архивдик материалдар жана түпнуска согуштук туулар да коюлган. Жаңы музей комплексинин негизги максаты - жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана тарыхый эс тутумду сактоо үчүн маанилүү борборго айлануу.

Даурен Косанов, Коргоо министри:

– Бул жөн гана музей эмес, жаш жана келечек муундар үчүн эскерүү, урматтоо жана билим берүү жайы. Бул руханий кайра жаралуунун борбору, баатырлардын иштеринин уландысын жана урматтоосун сактоо. Кантсе да, көргөзмө ата-бабаларыбыздын фашизмге каршы күрөштөгү эрдигинин чыныгы далилдерин көрсөтөт.

Вера Головко, Родина айылынын тургуну:

– Биз музейге чоң кубаныч менен келип турабыз. Мага аябай жакты. Бул жерге балдарымды да алып келдим, алар келип бардыгын көрүшсүн. Мен аларга бул жерди аябай мактап койгом. Мунун баарын алар көрүшү керек, бул алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков