Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Нооруз майрамы менен
куттуктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Нооруз майрамын салтка ылайык жумурай
журт бир өлкө, бир эл болуп тосуп аларын айтты. Бүгүнкү күндө Нооруз жалпы
элдик майрамга айланды. Аны улутуна жана динине карабастан чыдамсыздык менен
күтүп, чогуу майрамдап келет. Президент быйылкы жылдан баштап Нооруз майрамы 10
күн майрамдалып жатканын белгиледи. «Ноорузнаамага» ылайык, бүгүн өлкөдө
«Ынтымак» күнү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, жаңылануунун жана кайра
жаралуунун символуна айланган Нооруз майрамы быйылкы жылы коомдун өнүгүүсүнүн
жаңы этабын белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүнөн орун ала турган негизги
баалуулуктардын айкындалганына көңүл бурду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-
Өлкөбүздүн алдында
бийик максат турат. Бул адилеттүү Казакстанды куруу. Биз таза иштеп, таза
кирешелерге жетише турган адилет коомду куруубуз керек. Мындай коомду чынчыл
жарандар калыптандырат. Бир сөз менен айтканда, адилеттик менен чынчылдык ар
дайым жанаша жүргөн эгиз түшүнүктөр. Ошондуктан биз куруп жаткан коомдо
бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилет. Адилеттүү мамлекет – мыйзамдуулук жана
тартип үстөмдүгү. Өнүккөн өлкө болуу үчүн баарыбыз жаркын келечекке ишеним
менен карашыбыз керек. Биздин үмүтүбүз - жаштар. Казакстандын келечеги
сиздердин колуңуздарда.
Келечекке умтулуу үчүн тынымсыз кыймыл керек. Мамлекет
башчы Касым-Жомарт Токаев 4 ири долбоордун ишке ашырылышы тууралуу айтты. Атап
айтканда, өлкөдө бир катар жылуулук борборлору жана инженердик тармактар жаңыланып,
12 миң чакырым жол салуу менен оңдоо милдети турат. Кошумчалай кетсек,
быйыл 300 миң адам жаратылыш газы менен камсыз болот. Ошондой эле, айылдын жана
райондун тургундарына олуттуу колдоо көрсөтүлөт. Бул максатта аларга арналган жаңы
турак-жай программасы ишке кошулат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Социалдык аялуу катмардагы жарандар үчүн насыянын өсүшү
7 пайыздан ашпайт. Ал эми ижарага бериле турган турак-жайлардын саны бир нече
эсеге көбөйөт. Мына ушулардын бардыгы элдин турмуш-тиричилигинин жакшырышына
салым болору шексиз. Өлкө үчүн, эл үчүн мындай чаралар сөзсүз улантылат. Баарыңыздарды
бүгүнкү жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улус оң болсун. Ак мол
болсун. Элибиз аман, журтубуз тынч болсун.
Президент Алматыда өткөн «Нооруз Фест» эл аралык
фестивалына да барды. Иш-чара Нооруз майрамын белгилеген – Борбордук Азия
өлкөлөрүнүн, Азербайжандын, Тажикстандын, Түркиянын, Монголиянын жана
Башкортостандын маданияты менен салттарын бир чатырдын астында бириктирди. Чет
элдик меймандар өздөрүнүн көркөм-колдонмо өнөрлөрүн тааныштырып, элдик ырларды
ырдашты. Ошондой эле, фестивалда интерактивдүү аянтчалар, балдар чыгармачылыгы
жана робототехника аянтчалары орнотулду.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков