К.Токаев иш сапары менен Караганды облусуна барды

Касым-Жомарт Токаевдин Караганды облусуна болгон иш сапары Qarmet металлургиялык комбинатын аралап көрүү менен башталды. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна суюк болотту түзөт. Өткөн жылы ишкана дээрлик 3 миллион тонна даяр өнүм чыгарган. Анын ичинен  2 миллион тоннасынан ашыгы экспорттолгон. Президент чоюн эритүүчү домна мешинин, конвертер цехинин жана даярдалган тетиктерди үзгүлтүксүз куюучу машинанын иши менен да таанышты. Жалпысынан алганда, азыр ишкана 3 жарым миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Вадим Басин, «Qarmet» АКнын башкы мүдүрү:

- Биз «5-9-5» программасын ишке ашырууну пландап жатабыз. Бул 5 миллион тонна темир рудасынын концентраты, 9 миллион тонна көмүр жана 5 миллион тонна болот. Мунун баары 2023-2028-жылдар аралыгында ишке ашырылат.

Qarmet-те масштабдуу модернизациялоо жана оңдоо иштери улантылууда. Мамлекет башчы өнөр жай коопсуздугу жаатындагы сапаттын жогорку стандарттарын сактоонун жана комбинатты жаратылыш газына өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул баштапкы этапта айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды 30% га азайтууга мүмкүндүк берет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биз атамекендик инвесторду чакырып, туура чечим кабыл алдык. Алар дароо ишке киришти. Комбинаттын абалы мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Бирок муну менен чектелүүгө болбойт. Башкы максат-ишкананы мурунку атак-даңкына кайтаруу жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өзгөчө басым жасоо. Бул багытта иш башталды. Мен билем. Мен жыл сайын комбинатка келип, анын өнүгүшүнүн жүрүшү менен таанышам. Менимче, биз алдыңкы сапка чыгабыз.

Мамлекет башчы диспетчердик-аналитикалык борборго барды. Бул жерде бардык шахталардын абалы үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турат. Газдын деңгээлин анализдөө жүргүзүлөт жана шахтычылардын  иши видео байланыш аркылуу координацияланат. Касым-Жомарт Токаев 620 метр тереңдикте жайгашкан «Саран» шахтасынын шахтычылары менен жеке өзү баарлашты.

- Касым-Жомарт Кемелевич, кенчилердин атынан ыраазычылык билдиребиз. Эң башкысы, бизде коопсуздук техникасы сакталып турат. Атамекендик инвестордун жардамы менен баары жакшырды.

Андан соң мамлекет башчы креативдүү технологиялар борборуна барды. Бул жерде жаштарды чыгармачылык менен ишке ашырууга бардык шарттар түзүлгөн – робототехника, автомоделизация, дрон секциялары, программалоо мектептери, журналистика бөлүмдөрү иштейт. Касым-Жомарт Токаевдин Караганды облусуна болгон иш сапарынын программасы мектеп окуучуларынын жакында ачылган «Каусар» сарайынын ишмердүүлүгү менен таанышуу менен улантылды. Бул жерде ийримдерде жана секцияларда бир жарым миңден ашык бала машыгат. Маданият-изилдөө цехи, чыгармачылык устаканасы, хореография залы, STEM лаборатория, экоборбор, спорт жана оюн аянтчалары ачылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков