Бүгүн Казакстан менен Орусиянын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү
болду. Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын
өнүгүшүн талкуулап, 2025-жыл жемиштүү болгонун белгилешти. Негизги
жыйынтыктардын арасында - ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык
деңгээлине жетүү. Бул Казакстан менен Орусиянын мамилелеринин өнүгүшүндө
маанилүү этап болуп калды. Касым-Жомарт Токаев Украинадагы абалды жөнгө салуу
боюнча сүйлөшүү процессиндеги ийгиликтерди кубаттап, саясий-дипломатиялык
аракеттерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Казакстандын президенти
ошондой эле Орусиянын президентинин мамлекеттик резиденциясына жасалган кол
салуу аракетин айыптады. Сөзүнүн аягында лидерлер бири-бирин келе жаткан жаңы
жылы менен куттуктап, эки өлкөнүн элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү
каалашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

