«Айыл аманаты» программасынын алкагында казакстандыктар жалпы суммасы 82 миллиард теңгеге 13 миңден ашык чакан насыя алды. Чакан насыялардын 80% жакыны мал чарба тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары билдирди. Ербол Тасжүреков өткөн жылы программага бөлүнгөн 100 миллиард теңгенин өздөштүрүлүшү дагы эле уланып жатканын айтат. Долбоорду ишке ашырууда айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Анын алкагында 6 миллиард 200 миллион теңгеге 299 фермердик бирикме каржыланды. Бүгүнкү күндө алардын санын көбөйтүү үчүн мамлекеттик колдоонун башка механизмдери бар. Бул жаатта жергиликтүү акимчиликтер тарабынан бир катар салыктык жеңилдиктер каралган. Мисалы, базарларда, жарманкелерде орун берүү жана аймактагы ири ишканаларды колдоо. Жалпысынан профсоюздук агенттиктин маалыматы боюнча, быйыл «Айыл аманаты» программасын ишке ашырууга дагы 100 миллиард теңге бөлүү көздөлүп жатат. Программаны жакшыртуу үчүн атайын серепчилик топ түзүлдү.
Ербол Тасжүреков, айыл чарба вице-министри:
- «Айыл
аманаты» программасынын алкагында эч кандай чектөөлөр жок. Бизнестин бардык
түрүн колдоого даярбыз. Эң негизгиси, алар белгиленген каржылоо чегинен ашпашы
керек. Жеке жактарга 8,5 миллион, ал эми үч жана андан көп адамдан турган
кооперативдерге 29,5 миллион теңгеге чейин насыя берилет. Негизинен биз ар бир
берилген чакан насыяны микродолбоор катары карайбыз. Мисалы, бүгүнкү күндө 13
миң чакан насыя берилди. Алардын баары насыя. Бизнес долбоорлорго байланыштуу
келип түшкөн арыздарга өзгөчө колдоо көрсөтүлдү. Программанын катышуучуларынын
саны менен кошо долбоорлордун сапатына да чоң маани берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков