Казакстанда Улуттук гидрогеологиялык кызмат түзүлөт

Казакстанда Улуттук гидрогеологиялык кызмат түзүлөт

Казакстанда Улуттук гидрогеологиялык кызмат түзүлөт. Уюм жер астындагы суулардын туура пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу менен гана чектелбестен, издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүп, мамлекеттик мониторингди да жүзөгө ашырат. Мындан тышкары, бул кызмат маалымат базаларын түзүү менен да алектенет. Ал өз кезегинде гидрогеология тармагындагы, санариптик, картографиялык жана жер кыртышынын зонддоо аркылуу алынган маалыматты сактап, иштетет. Буга байланыштуу өкмөт токтомунун долбоору «Ачык» ченемдик укуктук акт сайтында жарыяланды. Гидрогеологиялык кызмат толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат жана коммерциялык эмес акционердик коом катары түзүлөт. Жаңы органды Суу ресурстары жана ирригация министрлиги менен Каржы мекемеси биргеликте түзөт. Эске сала кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда өлкөнүн бүтүндөй суу чарба тармагын башкарууда масштабдуу реформа зарыл экенин айтып, Улуттук гидрогеологиялык кызматын кайра түзүүнү тапшырган.

Бексултан Бегалиев, Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин башкарма башчысы: 

 Азыркы учурда Казакстан экономикасында жер астындагы сууларды пайдалануунун үлүшү 7-10% тегерегинде. Биз бул ресурстарды ичүүчү таза сууга, ошондой эле, талааларды сугаруу жана мал чарбачылыгы үчүн дагы жигердүү пайдаланууга ниеттенип жатабыз. Түзүлө турган Улуттук геологиялык кызмат өлкөнүн жер астындагы суу ресурстарын чалгындоо жана коргоо иштери менен алектенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков