Каспий деңизинин айлана-чөйрөсү Астанадагы Регионалдык
экологиялык саммиттин панелдүү сессиясынын негизги темасына айланды.
Серепчилердин айтымында, деңиз деңгээли дүйнөлүк океандын деңгээлинен 30 метрге
чейин төмөндөп кетти. БУУнун баш катчысынын орун басары жана ЮНЕПтин аткаруучу мүдүрү
Ингер Андерсен Каспийдеги кырдаал азык-түлүк коопсуздугуна жана экономикага
коркунуч туудурушу мүмкүн экенин белгиледи. Жыйындын катышуучулары натыйжалуу
чечимдерди чыгаруу үчүн Каспий жээгиндеги өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн
күчөтүү керектигин белгилешти. Атап айтканда, деңиз деңгээлинин өзгөрүшү боюнча
иштеп жаткан планды комплекстүү мамлекеттер аралык программага айлантууга көңүл
буруш керек. Ошол эле учурда өлкөдө суу сактагычтын көлөмүн азайтуу процесстери
активдүү изилденүүдө. Бул Каспий деңизинин казак илимий-изилдөө институту
тарабынан жүргүзүлөт. Адистер колдонгон көчмө лабораториялар акваторияда да,
жээкте да комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Серик Ахметов,
Каспий деңизинин Казак илимий-изилдөө институту башкармалыгынын төрагасы:
– Биз деңиздин тартылуу мезгилинде жээк сызыгынын өзгөрүү динамикасын изилдөө үчүн космостук сүрөттөрдү колдондук. Айрыкча, тартылуу эң ачык байкалган айрым аймактарга көңүл бурдук. Каспий боюндагы мамлекеттердин башчылары, анын ичинде биздин Президент дагы эл аралык коомчулуктун көңүлүн бул маселеге бурду. Эл аралык коомчулук дагы буга кошулууда. Глобалдык экологиялык фонддун долбоору болгон «Blueing the Caspian Sea» - Каспий деңизинин экосистемасын калыбына келтирүү долбоорунун бет ачары өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

