Президент кайрылуусунда жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууга серепчилер тартылат

Быйылкы кайрылуунун стратегиялык мааниси чоң. Анда өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык негизги багыттары толук камтылган. Депутаттар, мамлекеттик органдар жана коомдук мекемелер жылдын башкы документинде коюлган милдеттерди биргелешип ишке ашыруулары керек. Бул тууралуу Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун аянтчасында серепчилер менен жолугушкан Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Анын айтымында, парламенттин алдында мамлекет башчынын тапшырмасынын алкагында бир катар мыйзамдарды кабыл алуу милдети турат. Ал бул ишке өлкөнүн жарандык коомун тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Башкача айтканда, депутаттар серепчилик сунуштарга ачык экенин айтты. Бул жаатта өлкөнүн алдыңкы илимий институттарынын, илимий борборлорунун өкүлдөрү да мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн тартылууга даяр экендиктерин билдиришип, кайрылуудагы милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.

Алуа Жолдыбалина, президент алдындагы КСИИ мүдүрүнүн орун басары:

- Президент экономикалык реформага, өзгөчө бюджетке басым жасады. Эмне себептен? Анткени саясий реформа жасап, азыркы айыл акимине, район акимине ыйгарым укуктарды берсек, ага шарт түзүп беришибиз керек. Ага каражат керек, ага ресурстар керек. Мына ошондуктан саясий реформа натыйжалуу иштеши үчүн экономикалык реформа зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков