Эл аралык эксперттер Евразиядагы туруктуу өнүгүүнү талкуулашты

Эл аралык эксперттер Евразиядагы туруктуу өнүгүүнү талкуулашты

Казакстан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Эл аралык серепчилердин баамында, эгерде дүйнө боюнча орточо эсеп менен бүгүнкү күндө коюлган милдеттердин 18%  гана аткарылган болсо, анда биздин өлкөнүн максаттуу көрсөткүчтөрү 40% ашат. Мындай маалыматтар Астанада өткөн «Евразия туруктуу өнүгүү» аттуу экинчи Эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияда айтылды. Форумдун катышуучулары – эксперттер, окумуштуулар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү 2030-жылдан кийинки жаңы глобалдык күн тартибин түзүү маселесин талкуулашты. Талкуунун дагы бир маанилүү темасы – Евразия аймагындагы мамлекеттердин энергетикалык коопсуздук, климаттык чакырыктар жана суу ресурстарын сактоо маселелерин чечүүдөгү ролу. Катышуучулардын пикири боюнча, туруктуу өнүгүү максаттары алдыда кайрадан каралып чыгат. Бул процесс жакынкы жылдардагы негизги глобалдык окуялардын бири болуп калат.


 Игорь Юргенс, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун туруктуу өнүгүү борборунун мүдүрү:

– Бул максаттар кылымдын башында түзүлгөн, алар 2030-жылга чейин күчүндө болот, андан кийин бул максаттарды кайра кароо маанилүү улуттук жана эл аралык программа болуп саналат. Максаттарды кайра кароонун расмий процесси 2027-жылы башталат, консультациялар үч жылга созулат, ошондуктан биз Казакстандагы бул экинчи жогорку деңгээлдеги форум менен, дүйнөдө жалпысынан боло турган көп нерселердин алдын алабыз. Бул абдан амбициялуу жана пайдалуу.


Адистердин айтымында, Казакстандын туруктуу өнүгүү боюнча келечектеги күн тартибин түзүүгө кошкон салымы гана жогорулайт. Келерки жылы жаңы максаттарды аныктоо боюнча эл аралык консультациялар башталат. Өлкөлөр эл аралык кызматташтыктын жаңы багыттарын иштеп чыгышы керек – анын ичинде жасалма интеллекттин жана тармактарды санариптештирүүнүн тез өнүгүшүн эске алуу менен.


Лукаш Паризек, EXPO 2027 көргөзмөсү боюнча Словакиянын башкы комиссары:


– Биз диалог жүргүзүп жатабыз, бул эң башкысы, анткени бүгүнкү күндө дүйнө коопсуздук, экономика, экономиканын өнүгүүсү жагынан абдан татаал абалда турат. Албетте, AI бардык тармактарда, анын ичинде туруктуу өнүгүү маселелери боюнча да киргизилип жатат. AI бул максаттарды ишке ашыруу үчүн курал катары жардам бере алат, бирок чындыгында чечим бизде, мамлекетти башкаргандарда, ошондуктан мындай аянтчалар абдан маанилүү.

Которгон: Назира Бегалиева