АЭС боюнча референдум: Израилдеги, Ливандагы жана Ирандагы казакстандыктар добуш бере алышпайт

АЭС боюнча референдум: Израилдеги, Ливандагы жана Ирандагы казакстандыктар добуш бере алышпайт

Бүгүн, референдум күнү чет өлкөдөгү казакстандыктар да өз добуштарын бере алышат. Жалпысынан 59 өлкөдө 74 участка ачылды. Кошумчалай кетсек, референдумдун борбордук комиссиясы Жакынкы Чыгыштагы аскердик чыңалуудан улам өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурганын эске алып, Ливан, Иран жана Израилдеги элчиликтердин жанындагы шайлоо участкаларынын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Азыр республиканын чегинен тышкары жерде 12 жарым минге жакын мекендештер бар.


Алуа Надиркулова, ТИМ өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси:


- Израилде добуш берүүгө укуктуу жарандардын жалпы саны 53, Иранда 132, Ливанда 43. Жалпысынан 228 жаран добуш берүү укугуна ээ. Учурда биз Израил, Ливан, Ирандагы жарандарыбыздан кажет болбосо жашаган жеринен чыкпоону, коопсуздук чараларын максималдуу күчөтүүнү, сактык жана сабырдуулукту көрсөтүүнү, бийликтин сунуштарын аткарууну, ошондой эле аталган өлкөлөрдөгү Казакстан элчиликтери менен байланышта болууну сурандык.


Референдум күнү казакстандыктар убактылуу каттала алышат


Казакстанда 10 миңден ашык участок иштейт. Алар таңкы саат 7де ачылды. Ал эми 84 шайлоо пунктунда саат 6:00дө добуш берүү башталды. Алар аскердик бөлүктөрдө, вахталык кыштакчаларда түзүлгөн. Добуш берүү укугуна 12 миллион 244 миң 683 жаран ээ. Бирок, эгерде добуш берүүчүлөрдүн биринин жашаган жери жөнүндө реестри жок болсо, аны шайлоо участогунун өзүнөн алууга болот. Кызматты калкка кызмат көрсөтүү борборунун адистери көрсөтүшөт.


Ростислав Коняшкин, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай вице-министри:


- Шайлоочуларга жашаган жери боюнча үзгүлтүксүз каттоо үчүн шайлоо участкасынын дареги катталган жери катары көрсөтүлдү. Ошондой эле бардык тиешелүү эсептик жазуулар түзүлүп, бул жараянга катышкан жооптуу адамдардын тизмеси аныкталды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков