Борбор Азиядагы укук жана бизнес тармагындагы
негизги иш-чаралардын бири Өзбекстанда өттү. Эл аралык юридикалык форум
Ташкентте 40тан ашык өлкөдөн алдыңкы юристтерди, IT адистерин, эл аралык уюмдардын
жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулар санариптик укук,
санариптик жеке маалыматтарды коргоо, жасалма интеллектти жөнгө салуу
маселелерин талкуулашты. Серепчилер санариптик келечектин жана санариптик
трансформациянын бекем пайдубалын түзүү жолунда мындай аянтчанын маанилүүлүгүн
белгилешти.
Лионель
Галье, Франциядагы нотариустар эл аралык биримдигинин президенти:
- «Tashkent
Law Spring» форумунун алкагындагы жолугушуу биз үчүн чоң мааниге ээ. Анткени
бул дүйнө жүзүндөгү юристтер менен нотариустардын тажрыйба алмашуусу үчүн эң
сонун мүмкүнчүлүк. Санарип технологиялар биз күн сайын колдонгон куралдар.
Укуктук чөйрөдө алар жараяндардын так көзөмөлүн жана иреттүүлүгүн камсыз кылат.
Өзбекстан биздин биримдиктин мүчөсү болуп саналат.
Кейт
Картер, жаңы өнүгүүчү технологиялар боюнча спикер, профессор, Сингапур:
- Санариптештирүү
жашоонун бардык чөйрөлөрүн камтып, каталарды азайтууга жана адам факторун
минималдаштырууга жардам берип жатканын көрүп жатабыз. Бирок, бул нерсе адам
толугу менен аларга таянып эмес, бул технологияларды башкаруу керек экенин
түшүнүү маанилүү. Алар жөн гана курал.
Өзбекстанда
мамлекеттик башкарууну модернизациялоого жана мамлекеттик кызматтарды
санариптештирүүгө чоң көңүл бурулууда. Мындан тышкары, республикада 2030-жылга
чейин жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынып,
онлайн-режиминде иштеген платформалар жана интеграцияланган билим базалары ишке
киргизилди.
Бобурхон
Аббосов, Юстиция министрлиги департаментинин алдыңкы кеңешчиси:
- Өзбекстан азыр укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнө, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизип жатат. Атап айтканда, 2023-жылы Интеллектуалдык менчик объектилерин, ошондой эле укуктук коргоо системасы санариптештирүүгө өттү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

