Казакстандын президенти Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасын кабыл алды.
Касым-Жомарт Токаев парламент спикери Ален Симоняндын сапары эки тараптуу, анын
ичинде мыйзам чыгаруу органдары тарабынан кызматташууну тереңдетүү үчүн
маанилүү экенин белгиледи. Анткени Армения Казакстан үчүн Түштүк Кавказ
аймагындагы ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында,
казак-армян мамилелери акырындык менен өнүгүүдө. Буга үзгүлтүксүз саясий
диалог, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын
кеңейиши өбөлгө түзөт. Өз кезегинде Армения парламентинин спикери өз ара
сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн практикалык чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле армян тарап Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтыкка
жетишүүгө багытталган аракеттери үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

