Президент иш менен камсыздоонун сапатын жогорулатууну тапшырды

Президент иш менен камсыздоонун сапатын жогорулатууну тапшырды

Жумуш менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, пенсиялык системаны өркүндөтүү жана социалдык коргоодо инклюзивдик ыкмаларды өнүктүрүү. Мындай тапшырмаларды Казакстандын Президенти Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Аскарбек Ертаевге берди. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев мекеменин 2026-жылга карата артыкчылыктуу иш багыттары тууралуу баяндамасын укту. Ошентип, убактылуу иш менен камсыздоодон туруктуу жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө өтүү, эмгек мобилдүүлүгүн жогорулатуу, билим берүү системасынын эмгек рыногунун муктаждыктары менен байланышын жолго салуу күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки Миграциялык саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча пландын алкагында миграциялык процесстерди башкарууну жана болжолдоону жакшыртуу, ошондой эле ички миграциянын тең салмактуулугун камсыз кылуу каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков