Быйыл
Казакстанда 80ден ашык темир жол бекет жаңыланат.
Республикада темир жол объектилерин реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча
масштабдуу иштер уланууда. Бул транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча
негизги долбоорлордун бири. Жалпысынан 124 объектте иштер жүрүүдө. Эскирген 42 демонтаждалган имараттын ордуна азыркы
заманбап, энергияны үнөмдөөчү объектилер курулууда. Бир катар аймактарда -
Алматы облусунан Түндүк Казакстан облусуна чейин бүгүнкү күндө иштин темпи
50%дан ашат. Өкмөттө белгилешкендей, бекеттерди жаңылоо - бул Казакстандын
транзиттик-транспорттук дараметин чыңдоого карай кадам. Заманбап темир жол
түйүндөрү Кытайды жана Европаны Казакстан жана Каспий аркылуу байланыштырган
Ортоңку коридордун маанилүү элементтери болуп калат. Узак мөөнөттүү келечекте
программа логистиканын өнүгүшүнө жаңы импульс берет, өлкөнүн атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана Казакстандын Борбордук Азиянын алдыңкы
транзиттик хабы катары ролун бекемдейт.
Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:
- Быйыл
темир жол вокзалдарында жаңылоо жана капиталдык оңдоо иштери башталды. Кыска
убакыттын ичинде подрядчиктер аныкталды. Алар үчүн да, жергиликтүү бийлик
органдары үчүн да толугу менен ишке ашырыла турган курулуш боюнча ыңгайлуу
келишимдер түзүлдү. Өкмөт бул милдеттин өз убагында аткарылышы үчүн бардык
зарыл чараларды көрдү. Бардык курулуш иштери сапат талаптарын сактоо менен
белгиленген мөөнөттө аякташы керек. Тапшырманын аткарылышына жергиликтүү
аткаруу органдарынын биринчи жетекчилери түздөн-түз жооптуу болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

