Түркмөнстан Корея Республикасына түз каттамдарды баштады. Эми Ашхабаддан Сеулга болгону 7,5 саатта жетүүгө болот. Ушул аптада биринчи учуу ишке ашты. Аба кемесинин бортунда 365 жүргүнчү болгон. Эки борбордун ортосундагы каттамдар жумасына бир жолу, дүйшөмбү күндөрү аткарылат. Белгилей кетсек, мурда Түркмөнстандан Кореяга Ташкент, Дубай, Стамбул жана башка ири хабдарда которулуп отуруп гана жетүүгө мүмкүн болчу.
Минхек Ким, Корея Республикасынын тургуну:
- Мен Ашхабаддан Сеулга түз каттам менен учкан Корея
Республикасынын алгачкы жарандарынын бири болгонума сыймыктанам. Бул мен үчүн
чындап эле маанилүү жана толкунданткан учур.
Уи Чжин Чхве, Корея Республикасынын тургуну:
- Түркмөнстанга биринчи жолу барганыма абдан кубанычтамын
жана бул өлкөгө кайрадан келүүгө чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бул саякат мен
үчүн өзгөчө болуп, мазмундуу жана кызыктуу болду.
Жаңы каттам эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана
жүктөрдү ташууну көбөйтүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Ошондой эле
Түркмөнстанда туризмдин өнүгүшүнө кошумча түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

