Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү 2020-жылдан бери 5 эсеге артты. Көрсөткүч 109 миллиондон 529 миллион долларга чейин өстү. Касым-Жомарт Токаев Бакуда өткөн Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда Азербайжан менен ортодогу соода-экономикалык алака жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өлкөлөрүбүз айтарлыктай экономикалык дараметке ээ. Биз мындан да чоң ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм. Чындыгында кызматташуунун чөйрөсү абдан кеңири. Бүгүн биз мунай менен газдан тышкары, транспорт жана логистикадан баштап, санариптештирүүгө чейинки маселелердин баарын карадык. Эл аралык аренада ийгиликтүү иштеп жатканыбызга канааттанам. Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка да эл аралык уюмдардагы делегацияларыбыз өз ара жемиштүү иш алып барууда. Бул багыттагы жумуштар улантылат деп ойлойм.
Ошондой эле, инвестиция, мунай-газ, транспорт-логистика, кайра жанма энергия булактары, санариптик коммуникациялар жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Астана менен Баку кызматташуунун жогорку деңгээлин көрсөтүп, биргелешкен иштин жаңы багыттарын өнүктүрөөрүн баса белгиледи. Ал эми Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин ишмердүүлүгү эки өлкөнүн өнөктөштүгүнө жаңы дем берип, Казакстан-Азербайжан мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошот.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз жаңы гана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууга, эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү бардык маселелерди кеңири талкуулап, бирдиктүү чечимге келдик. Бул Казакстан менен Азербайжандын чындыгында стратегиялык өнөктөш, союздаш мамлекеттер экенин көрсөтүп турат. Бул жаатта эки өлкөнүн өкмөттөрү бүгүн кол коюлган документтер, келишимдер түрүндөгү макулдашууларды жүзөгө ашыруу менен алек болуп жатканын эске алсак, кызматташтыгыбыздын келечеги абдан кең.
Муну менен катар, мамлекет башчылары маданият тармагындагы келишимдердин ишке ашырылышы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи. Маселен, ыйык Түркестан менен Шуша шаарлары, ошондой эле, Орал жана Мингечевир, Шымкент жана Гянджа шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштар түзүлдү. Ошондой эле, улуттарды жакындатуу максатында Сумгаит шаарындагы бир көчөгө Ахмет Байтурсын уулунун ысымы берилсе, Астанадагы көчөлөрдүн бири Гейдар Алиевдин ысымы менен аталды. Былтыр Азербайжанда казак маданиятынын күндөрү ийгиликтүү өттү. Белгилей кетсек, эртең эки өлкөнүн лидерлери Физули шаарында Курмангазы атындагы балдардын чыгармачылык борборун ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков