Казакстанда тургундардын коопсуздугун жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Айрыкча эл коп чогулган мекемелер көзөмөлгө алынган. Азыркы тапта терроризмге шектелип 2 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөн. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчыга ички иштер министри билдирди. Ошондой эле Ержан Саденов миграциялык көзөмөл боюнча маалымат берди. Жалпысынан Казакстанда кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөгөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы белгиледи.
Ержан Саденов, Ички иштер министри:
-Мамлекет башчысына уюшкан, кибер жана баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу, суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу, жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кезексиз аттестациялоо боюнча жана да президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат бердим. Анын алкагында өлкө башчы конкреттүү милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков