Астана Борбор Азиянын соода борбору катары позициясын бекемдөөдө. Борбор шаарда Дүйнөлүк соода уюмунун жаңы демилгеси – Kazakhstan Central Asia Program ишке кирүүдө. Ал аймактын өлкөлөрүн өнүктүрүүгө жана мамлекеттин экспертизанын негизги борбору катары ролун бекемдөөгө багытталган. Демилге тажрыйбаларды кабыл алуу моделинен өз тажрыйбасын активдүү экспорттоо жана республиканын Борбор Азиядагы аймактык күн тартибин түзүүгө таасир этүү моделине өтүүгө мүмкүндүк берет. Программанын башталышынын алкагында Астанада ДСУнун биринчи аймактык семинары башталды. Иш-чарага Казакстандын, Азербайжандын, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынан 50гө жакын өкүл катышууда. Ошондой эле жыйынга соода саясаты жаатындагы алдыңкы эл аралык серепчилер чакырылган.
Кайрат Төрөбаев
– Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы жана эл аралык экономикалык
уюмдардагы туруктуу өкүлү:
– Программа
абдан ийгиликтүү болот деп ойлойм. Мындай программалар дүйнөнүн саналуу гана
өлкөлөрүндө бар. Евробиримдик, Кытай жана азыр Казакстандын да өзүнүн
мамлекеттик кызматчыларына, анын ичинде Борбор Азиядагыларга жардам көрсөтүү
боюнча өзүнүн программасы бар. Ошентип, биз соода дипломаттары үчүн де-факто
жана де-юре мыкты борборго айлануудабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

