Жетису облусунда суу электр станциялары ишке кошулат

Жетису облусунда суу электр станциялары ишке кошулат

Быйыл Жетису облусунда альтернативдик энергия булактарын өндүргөн төрт объект ишке киргизилет. Алардын жалпы баасы 21 миллиард теңгеден ашат. Азыр облуста «Жашыл» энергетиканы өнүктүрүү боюнча комплекстүү план ишке ашырылууда. Альтернативдик энергияны өндүргөн суу станцияларынын бири Баскан дарыясынын боюнда курулууда. Объект ишке киргизилгенден кийин жылына 54 миллион киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – суу электр станцияларынын суусун ирригациялык максатта колдонууга болот. Ушундай эле станциялар Көксу, Ескелди райондорунда да курулуп жатат.

Ермек Калиев суу электр станциясынын инженери: 

– Биз биринчи ГЭСти 9 жыл мурун бештин айында ишке киргизгенбиз. Суу чогултуучу жер. Бардык иштер ушул магистралдык суу тармагы аркылуу жүргүзүлөт.

Ануарбек Түкенов, Жетису облусунун энергетика жана Түкш башкармалыгынын адиси: 

– Бул «Баскан-2». Жогоруда «Баскан-1» ГЭСи бар. Жакынкы арада мунун уландысы катары үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи станцияларды ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бул объект баш оона айында пайдаланууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу болжол менен 10 номиналдык болуп саналат.

Учурда облуста 15 гидро, шамал жана күн энергиясы объектилери иштеп жатат. Жакынкы эки жылда дагы 7 жарык берүүчү станция ишке кирери күтүлүүдө. Ошентип, аймакта өндүрүлгөн энергиянын 75% жашыл энергиянын үлүшү менен жабылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков