Казакстан жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн 5 жылдык концепциясын кабыл алды

Казакстанда жасалма интеллект улуттук платформасы түзүлөт. Нейрондук системаларынын базасында өлкөдө жыл сайын экономиканын негизги тармактарында  25 жаңы өнүм киргизүү мерчемделген. Бул үчүн зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Казакстанда суперкомпьютерди жайгаштыруу, ошондой эле жасалма интеллект тармагында 500 миң адисти даярдоо көздөлүп жатат. Ал эми өлкөдө жасалма интеллект боюнча адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын үлүшү 60%га жетет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында маалым болду. Жыйында өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча 5 негизги концепция кабыл алынды. Документте тармакка дем берүү максатында өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Бул үчүн 2029-жылга чейин бир катар конкреттүү милдеттер коюлган. Атап айтканда, тиешелүү инфраструктураны түзүү, маалыматтарды иштеп чыгуучу жаңы борборлорду куруу жана тиешелүү мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл. 

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

- Жалпысынан Казакстанда маалымат чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук негиз түптөлгөн. Бирок, жасалма интеллектке байланыштуу мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Ошондуктан Юстиция министрлигине мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында тиешелүү түзөтүүлөрдү тез арада кароону тапшырам.

Казакстанда 4 газ иштетүү заводу салынат 

Казакстанда 4 окшош газ иштетүүчү завод курулат. Жаңы өндүрүш борборлорун 2026-2030-жылдар аралыгында этап менен ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министри билдирди. Алмасадам Саткалиев Кашаган кенинен чыккан чийки заттын негизинде кубаттуулугу жылына 1 жана 2,5 миллиард метр куб, Карачаганакта 4 миллиард, Жаңы-Өзөндө 900 миллион метр куб болгон заводдор курула турганын билдирди. Негизги багыттардын бири – өлкөнү көгүлтүр отун менен камсыздоо. 

Алмасадам Саткалиев, энергетика министри: 

- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын калкынын 60%ы же 12 млн адамдын газ менен камсыздалууга мүмкүнчүлүгү бар. Үстүбүздөгү жылы газдаштырууну улантуу максатында республикалык бюджеттен 89,3 миллиард теңге бөлүнгөн. Ошондой эле, Өкмөттүн иш-планынын алкагында кошумча 105,4 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул 300 миңден ашык калкты газ менен камсыз кылууга жана 1700 чакырымдан ашык газ чубалгыларын модернизациялоого мүмкүндүк берет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков