Конституциялык комиссия келип түшкөн демилгелерди кароону
улантууда. Коомдук талкуулардын жүрүшүндө Баш мыйзамдын долбоорунда
президенттин мыйзам чыгаруу органын таркатуу боюнча ыйгарым укуктарын өзгөртүү
сунушталды. Бул тууралуу Конституциялык комиссиянын 11-жыйынында айтылды.
Белгилей кетсек, мурда Мамлекет башчысынын сунушталган талапкерди макулдашуудан
же шайлоодон кайра-кайра баш тарткан учурда Курултайды таркатуу милдети
каралган. Эми бул норманы милдеттүү аракет катары эмес, укук катары баяндоо жана
чечимди президенттин кароосуна калтыруу сунушталууда. Дагы бир сунуш
жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун туруктуу жана түшүнүктүү
системасын түзөт – бул 14-берененин 2-пунктунда чагылдырылган.
Бакыт Нурмуханов, Конституциялык Соттун төрайымынын орун
басары:
- Бул пунктту төмөнкүдөй редакциялоо сунушталууда:
«Адамдын укуктары жана эркиндиктери ар бир адамга таандык, алар абсолюттук деп
таанылат жана эч ким аларды чектей албайт». Ошондой эле 14-берененин 3-пунктуна
маанилүү толуктоо киргизүү пландаштырылууда. Анда жарандын укуктары адамдын
мамлекет менен туруктуу укуктук байланышы катары жарандыктын негизинде келип
чыгаары жана өз ара укуктар менен милдеттерди болжолдой турганы айтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

