Президент «Глобалдык климат чакырыктары учурундагы Борбор Азия» эл аралык конференциясына катышты

Президент «Глобалдык климат чакырыктары учурундагы Борбор Азия» эл аралык конференциясына катышты

Биз экономикалык өсүш менен климаттык саясаттын ортосундагы тең салмактуулукту сакташыбыз керек. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанда өткөн «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар мезгилинде» эл аралык конференциясында айтты. Борбор Азия-планетанын климаттык өзгөрүүлөргө өтө аялуу аймактарынын бири. Бул жерде глобалдык жылуулук дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе тез болуп жатат. Аймак мөңгүлөрдүн эриши, чөлгө айлануу жана суунун жетишсиздиги сыяктуу чакырыктарга туш болууда. Анын алдын алуу үчүн региондогу өлкөлөр аракеттерди эки эсеге көбөйтүп, өнөктөштүк чөйрөсүн кеңейтиши керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин аймакта суунун жетишсиздиги убакыттын өтүшү менен актуалдуу маселеге айланууда. Муну эки нерседен көрүүгө болот. Акыркы жыйырма жылдын ичинде киши башына суу менен камсыздоо 30 пайызга төмөндөгөн. Аймактын суу ресурстарынын 70 пайызы трансчек аралык. Дал ушул себептен улам, биз суу үнөмдөөчү технологияларды жана сугат менен гидрологиялык мониторинг системаларын өнүктүрүү боюнча эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктажбыз. Биз буга чейин айтылган Борбордук Азия суу-энергетикалык өнөктөштүгүн түзүү демилгесин алга жылдырууга даярбыз.

Казакстан «жашыл» өтүүнү стратегиялык артыкчылык катары карайт. Ошондуктан өлкөдө кайра жанма энергия булактарына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын Касым-Жомарт Токаев белгиледи. Анын үстүнө Казакстан дүйнөдөгү урандын 40%ын өндүрөт. Чыгындыларды кыскартуу жана өзүнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу үчүн республикада азыр биринчи атомдук электр станциясын куруу пландалууда. Президент көмүртек дыйканчылыгы жана экосистеманы калыбына келтирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө өзүнчө токтолду. Аларды Казакстандын кең талаалары ачат. Ал эми биоартүрдүүлүктү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү сактап калуу үчүн мамлекет башчысы Казакстанда президентке караштуу Эл аралык биоартүрдүүлүк фондун түзүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков