Парламент Орусия менен мунай өнүмдөрүн жеткирүү тууралуу келишимди ратификациялады

Парламент Орусия менен мунай өнүмдөрүн жеткирүү тууралуу келишимди ратификациялады

Казакстандын Парламенти Орусия менен мунай жана мунай өнүмдөрүн жеткирүү тууралуу келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду. Өзгөртүүлөргө ылайык, коңшу мамлекеттен өлкөгө экспорттолуучу кара алтынга убактылуу мезгилдик декларациялоо процедурасын токтотуу каралган. Сенатор Бауыржан Каниевдин айтымында, Казакстан Орусиядан белгиленген квота алкагында күйүүчү май, авиациялык жана дизелдик отун, мунай өнүмдөрүнүн айрым түрлөрүн гана импорттойт. Декларациялоонун бул түрүн колдонуу бир жагынан коңшу өлкө бөлүп берген бардык квотаны сактап калган монополист экспорттоочунун пайда болушуна алып келсе, ал эми экинчи жагынан ата мекендик ишкерлерди жеткирүүчүлөрдү тандоодо чектегенин белгиледи. Депутаттардын айтымында, Сенат жактырган мыйзам казакстандык ишкерлерге баа белгилөө жана жеткирүү шарттарына байланыштуу кызыкчылыктарын эске алуу менен мунай өнүмдөрүн эркин сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бауыржан Каниев, Парламент мажилисинин депутаты:

- Каралып жаткан мыйзамда келишимдин 3-беренесине Орусиядан Казакстанга экспорттолуучу мунай жана мунай өнүмдөрүнө карата убактылуу мезгилдүү декларациялоону алып салууга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр эки жол менен экспорттолуучу мунай жана мунай өнүмдөрүнө тиешеси жок. Биринчиден, мүлк-шайман катары алып кетүү. Анткени мүлк-шаймандарды декларациялоо транспорт каражаттарын бажылык декларациялоо менен жүргүзүлөт. Экинчиден, 2022-2024-жылдары куур аркылуу алып кетүү. Анткени бул маселе эки тараптуу келишим менен жөнгө салынат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков