Казакстанда атом электр станцияларын
куруу талашсыз зарылчылык. Анын курулушу мамлекеттин атом энергетикасы жагынан
кубаттуулугун жогорулатат. Биринчиден, бул ички энергия булактын тартыштыгын
азайтуу маселеси. Бул багытта башкалардан көз карандуулукка айлануу. Тариф
турукташтырылып, баанын көтөрүлүшүн ооздуктайт. Ашкан энергия экспорттолот. Бул
жаңы иш экологияны жакшыртууга оң таасирин тийгизерин Парламенттин төмөнкү
палатасынын депутаты Сергей Пономарёв айтат. Андыктан мажилисмендер атомдук
электр станциясы Казакстан үчүн маанилүү жана керектүү долбоор экенин
ырасташууда. Алардын айтымында, аны
куруу эгемен өлкө болгондон бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Станциянын ордун
тандоо башынан эле Балкаш көлүнүн жанындагы аймакка туура келген. Ошондон бери
МАГАТЭнин серепчилери бул аймакта атомдук электр станциясын курууга тоскоол
болгон факторлор жок экенин ырасташкан. Ошол эле учурда республикада атайын
илимий институттар, жогорку квалификациялуу адистер жетиштүү.
Сергей Пономарёв, Парламент мажилисинин депутаты:
- Атом энергиясы биринчи кезекте кайра жанма энергия булагы болуп саналат, демек биз анын күчүн тынчтык максаттарда колдоно алабыз. Өлкөнүн ядролук физика институту станцияда иштеген 400 адисти даярдай ала тургандыгын билдирди. Алар окуу жайларында эмес, реактордун нормалдуу иштеши менен таанышып, биле алат. «Казатомпромдо» ушул тапта тармактын тажрыйбалуу адистери иштейт. Өлкөдөгү эң ири компаниянын квалификациялуу кызматкерлери Түштүк Казакстан жана Кызылорда облустарында уран өндүрүшөт. Мындан тышкары өлкөнүн чыгышында «Үлби» заводу бар. Бул ишкана атомдук электростанцияларга керектүү отун гранулдарын экспорттойт. Кошумчалай кетсек, Казакстан урандын жалпы көлөмү боюнча дүйнөдө лидер жана бул жаратылыш ресурсунун кору боюнча экинчи орунда экенин белгилей кетүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков