Казакстан менен Финляндиянын президенттери Астанадагы Улуттук музейге барышты. Ал, жерде Касым-Жомарт Токаев менен Александр Стуббка байыркы замандан азыркы доорго чейинки мезгилди камтыган уникалдуу тарыхый-маданий баалуулуктар көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекет башчылары байыркы түрк цивилизациясы, улуу талаанын байыркы искусствосу жана технологиялары, казактын салттуу маданияты залдарына кирип, өтө баалуу тарыхый экспонаттарды көрүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

