Президент Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкарма төрагасын кабыл алды

Президент Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкарма төрагасын кабыл алды

Евразия өнүктүрүү банкы өткөн жылы Казакстандын экономикасына 1,5 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Казакстандык долбоорлордун инвестициялык үлүшү 60%га жетти. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге каржы уюмунун башкарма төрагасы Николай Подгузов айтып берди. Быйыл банкка жалпы суммасы 4,5 миллиард доллардан ашкан долбоорлор сунушталды. Банк энергетикалык объектилерди жаңылоо, транспорттук жана логистикалык тармактарды өнүктүрүү багыттарына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салууну көздөп жатат. Президент каржы уюмунун Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, кызматташтыкты бекемдөөгө берилгендигин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков