Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары өзгөргөн жок. Бул: «жашыл» экономикага өтүү жана чийки затка көз карандылыкты жоюу, экономиканы акырындык менен ар тараптандыруу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана жарандык коомду чыңдоо. Аталган багыттар боюнча иштер 2020-жылдын жалган куран айында күчүнө кирип, кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди. Буга байланыштуу Атайын өкүл демократиялаштыруу боюнча Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясына өзгөчө токтолду. Мындан тышкары, Петер Буриан казакстандыктар үчүн виза режимин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирин билдирди.
Петер Буриан, Европа биримдигинин борбор азия боюнча атайын өкүлү:
- Биз мүмкүн болушунча туристтердин Европа Биримдигине келүү жараянын жеңилдетүүнү каалайбыз. Буга байланыштуу, эгерде иш жакшы жүрсө, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ар кандай вакциналарды жактырууга даяр болсо, анда биз дагы барыш-келишке эмдөөнүн аныктамасынын негизинде көбүрөөк эркиндик бермекпиз. Ошондой эле, башка вакциналарды дагы айрым өлкөлөр таанышы мүмкүн, анткени айрым өлкөлөр дале каттоодон өтө элек вакциналарды колдонушат, бул учурдагы биримдикке айрым мүчө мамлекеттердин маселеси. Ар бир өлкө өз алдынча чечим кабыл алууга даяр болушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков