Касым-Жомарт Токаев Казакстанда 1 миллиондон ашык адам системалуу түрдө футбол ойной тургандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында 17 футбол борбору жана 2 академия иштеп жатат. Анда 7 миңден ашык бала машыгат. Кошумчалай кетсек, Казакстандын президенти Джанни Инфантинону эл аралык уюмдун жетекчиси кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө кошкон чексиз салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Сиздин сапарыңыз Казакстанда футболду өнүктүрүү көз карашынан алганда абдан маанилүү деп эсептейм. Дүйнөдөгү эң популярдуу спорт түрү катары саналган футболду өнүктүрүүдө сиздин эмгегиңиз чоң экенин билем. Биз сиздин эмгегиңизди сыйлайбыз жана ФИФАнын президенти катары сизди колдойбуз. Биз ФИФА жана жеке сиз менен кызматташууну бекемдөөгө даярбыз.
Өз кезегинде Джанни Инфантино ФИФА эң мыкты эл аралык тажрыйба менен бөлүшүүгө жана Казакстанда футболду өнүктүрүүгө катышууга даяр экенин билдирди.
Джанни Инфантино, ФИФА президенти:
- Казакстан аймактагы гана эмес, дүйнөлүк масштабда өтө маанилүү өлкөгө айланды. Казакстан - ФИФАнын ишенимдүү өнөктөшү. Биз чогуу иштешибиз керек. Анткени бул өлкөдө башка мамлекеттердегидей эле футбол аркылуу коомду бириктирүүгө мүмкүнчүлүк көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков