Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү 2 күндөн кийин Казакстандан акырындап чыгарылат. Чыгаруу мөөнөтү 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынында билдирди. Президент тынчтыкты сактоо миссиясы ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Эске сала кетсек, Казакстандагы баш аламандыкка Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2 миңден ашуун мүчөсү тартылган. Тынчтык күчтөрү стратегиялык объектилерди коргоого мобилизацияланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков