Чыр-чатактын алдын алуу, тынчтык орнотуу операциялары жана Ооганстандагы окуялар контекстинде өз ара аракеттенүү. Жамааттык коопсуздук келишими уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы өз ара аракеттенүү ушул үч багытта өнүктүрүлөт. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынында беделдүү уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Ал эки түзүмдүн кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, Жамааттык коопсуздук келишими уюму Бириккен Улуттар Уюмунун маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Гуттериш терроризм, баңгизат соодасы жана кылмыштуулук менен күрөшүү, тынчтык жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Антониу Гутерриш, БУУнун башкы катчысы:
- Аймактык уюмдар менен кызматташуу Бириккен Улуттар Уюмунун ишинин өзөгүн түзөт жана уюмдун Уставында бекитилген. Курултайчыларыбыз дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү жалгыз эч бир уюм камсыз кыла албасын жакшы түшүнүшөт. Бул үчүн аймактык деңгээлден дүйнөлүк деңгээлге чейин өнөктөштүк керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков