Акордада
дүйнөлүк аренада көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен казакстандык окуучуларды
сыйлашты. Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууга эл аралык
олимпиадалардын 24 лауреаты чакырылды, алардын ичинен төртөө алтын, 11и күмүш
жана 9у коло медалдын ээлери. Алар химия, математика, физика, география,
информатика жана биология боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Мамлекет
башчысы белгилегендей, бул жеңиштер Казакстанды даңазалап гана тим болбостон,
ата мекендик билим берүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү. Президент балдарды
куттуктап, жаш таланттардын жеңиши алардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдердин
жана ата-энелердин да тынымсыз эмгегинин натыйжасы экенин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биздин жаш
мекендештерибиздин жеңишинин урматына биздин туубуз дүйнөлүк спорттук жана
чыгармачылык ареналарда бийик көтөрүлүүдө. Билим берүү тармагында өлкөнүн
кадыр-баркы жогору. Өткөн жылдан бери биздин окуучулар 30дан ашык эл аралык
олимпиадаларга жана илимий конкурстарга катышып, миңдеген медалдарга ээ
болушту. Алардын ичинен дээрлик 200ү алтын, 300дөн ашыгы күмүш жана 500гө
жакыны коло. Мындай таасирдүү жыйынтыктар биздин өлкөдөгү билим берүүнүн
жогорку деңгээлинен кабар берет. Биз Казакстандын намысын чет өлкөдө коргогон
ар бир жеңүүчү менен сыймыктанабыз.
Казакстандын
президенти билим берүүгө инвестиция салуунун стратегиялык маанилүүлүгүн өзгөчө
белгиледи. Адамдык капитал – бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү.
Бул багытта масштабдуу программалар ишке ашырылууда. Өлкөнүн аймактарында жаңы
форматтагы «Келечек мектептери» ачылууда. Республикада мугалимдин статусу да
жогорулоодо. Албетте, «Болашак» эл аралык стипендиясы бар. Анын аркасы менен
миңдеген жаш казакстандыктар дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында билим
алышты. Ал эми кийинки жылдан баштап бул программа боюнча эл аралык
олимпиадалардын жеңүүчүлөрү да окуй алышат.
Касым-Жомарт
Токаев окуучуларга мындан аркы ийгиликтерди каалап, аларга акчалай
сертификаттарды тапшырды. Андан соң байгелүү орундарга ээ болгондорго
резиденцияны кыдыртып көрсөтүштү.
Алихан
Аширханов, биология боюнча эл аралык олимпиаданын коло медалынын ээси:
- Менин оюмча,
жакшы олимпиадачы эмгекчил, өз ишине берилген, өжөр жана эч качан багынбаган
болушу керек.
Енлик Бакытбекова,
химия боюнча эл аралык олимпиаданын күмүш медалынын ээси:
- Келечекте илимге өз салымымды кошкон адам болгум келет, анан албетте, бул багытта иштейм.

