Казакстандык окуучулардын IT долбоору эл аралык сынакта топ жарды

Казакстандык окуучулардын IT долбоору эл аралык сынакта топ жарды

Казакстандык окуучулар гаджеттердеги файлдарды иргей турган программа иштеп чыгышты. Жасалма интеллектке негизделген жаш илимпоздордун долбоору Индияда өткөн эл аралык стартап сынагында топ жарып, атайын грант жеңип алды. Аны Нурасыл, Алибек, Кирилл атуу шымкенттик мектеп  окуучулары жасаган. Бир класста окуган үч жигиттин ойлоп табуусу айрыкча компьютер менен көп иштегендер үчүн алмаштыргыс жаңылык. Себеби көпчүлүк учурда гаджетке сактап койгон документти таппай убарага түшүүңүз мүмкүн. Ошондой эле, айрым файлдардын аталышы бирдей болот. Ал эми бул заманбап иштеп чыгуу том-том маалыматты системалаштырып, ирээтке келтирет.

Нурасыл Жумахан, окуучу:

- Программага жазып, тоодогу сүрөттөрдү таап бер деп суроо саласыз. Биздин жасалма интеллект аны кабыл алып, өзүнчө папкага иреттеп, бөлөк файлга  сактап койот. Башкача айтканда, сиз бул аркылуу убакытты үнөмдөйсүз. Ал тексттеги сандарды, жазууларды же символдорду генерациядан өткөрүп, талдап сизге керектүү нусканы жөнөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков