2024-жылдагы Казакстандын илимий жетишкендиктери

2024-жылдагы Казакстандын илимий жетишкендиктери

Илим дүйнөсү да өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарды. Казакстандык окумуштуулар 2024-жылы бир катар чоң ачылыштарды жасашты, алардын иштеп чыгуулары өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да колдонулууда. Айта кетсек, изилдөөчүлөрдүн ишин мамлекет активдүү колдоору түшүнүктүү. Касым-Жомарт Токаев бир нече жолу баса белгилегендей, илимий прогресске басым жасаган өлкөлөр учурда лидер болууда. Быйыл тармакты өнүктүрүүгө 195 миллиард теңге бөлүнсө, колдонмо илимди каржылоо 489 миллиард долларга чейин көбөйтүлдү.


Абикен Бектуров атындагы химиялык илимдер институтунун окумуштууларынын иштеп чыгуулары тоо-кен жана металлургия өнөр жайында колдонулат. Уникалдуу алдыңкы тажрыйбалар жана иштелип чыккан методикалар чийки заттан баалуу металлдарды алуу ыкмаларын жакшыртууга мүмкүндүк берет жана калдыктарды өндүрүүдө алынган өнүмдү кайра иштетүүнү карайт.


Хайдар Тасибеков, Химиялык илимдер институтунун башкы мүдүрү:


- Жашыл жана комплекстүү технологияларды колдонуу менен таза өндүрүш, зыяндуу концентраттардын атмосферага чыгарылышын азайтуу. Комплекстүү кайра иштетүү жана калдыктарды утилизациялоо, таштандыларды кайра иштетүү.


Ал эми казакстандык окумуштуулар революциялык материалды – күрүч кабыгынан жасалган кремний көмүртек нанокомпозитин иштеп чыгышты. Аны айыл чарбасында жана литий-ион батареяларынын анодун жасоодо колдонсо болот. Атамекендик ракка каршы дары клиникалык сыноолордон ийгиликтүү өтүүдө. Иштеп чыгуучунун айтымында, биология профессору Доса Сарбасова препарат онкологиянын акыркы баскычтарында да өсүүсүн токтотуп, бейтаптын абалын турукташтырууга гана эмес, жакшыртууга да жөндөмдүү.


Илимий долбоорлор Казакстандын жаш окумуштуулары тарабынан да ишке ашырылууда. Мисалы, Rise Global Winners 2024 программасы боюнча дүйнөлүк ТОП-100 мыкты инновациялардын катарына 2024 жасалма интеллектке негизделген көз айнектер кирди. Алар көзү азиз адамдарга мейкиндикти тоскоолдуксуз багыттоого жана бөлмөдө болуп жаткан окуяларды сүрөттөөгө мүмкүндүк берет. Өнүгүү Кремний өрөөнүндө алдыңкы 5 стартаптын катарына кирди.


Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөржай министри:


- Президенттин демилгеси менен келерки жылы эл аралык жасалма интеллект борборун ачууну пландап жатабыз. Ал бул багыттагы компетенттүүлүктүн борборуна айланып, мында мектеп окуучулары менен студенттери билим алышат. Стартаптар акселерациясынын жасалма интеллект кампусу да мерчемделүүдө. Биз ата мекендик жана эл аралык ар кандай компаниялардын изилдөө менен өнүктүрүү борборлорун жана жсалма интеллект лабораторияларын ачууну көздөп жатабыз. Учурда алдын ала макулдашуулар бар.


Ошол эле учурда, өлкөдө телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрбөй туруп Нейро тармактарды киргизүү жана натыйжалуу стартаптарды иштеп чыгуу мүмкүн эмес. БУУнун маалыматы боюнча, Казакстан быйыл 42 мамлекеттин ичинен 193-орунду ээледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков