Астанада Жаштардын Евразия арбитраж жумалыгы өттү. Анын
алкагында арбитраждык угуулар боюнча алтынчы Борбордук Азия окуу сынагы
уюштурулду. Жасалма соттук териштирүүлөргө 26 өлкөдөн келген 60 университеттик
команда катышты. Катышуучулар чыныгы сот залында угууларды өткөрүп, анда өз
позицияларын жакташты. Уюштуруучулар – АЭКБ Соту жана Эл аралык арбитраж
борбору белгилегендей, иш-чаранын максаты студенттерди жана жаш юристтерди
коммерциялык талаштарды чечүүнүн дүйнөлүк мыкты тажрыйбалары менен тааныштыруу
гана эмес, аларга арбитраждык териштирүү жүргүзүү көндүмдөрүнө үйрөтүү болуп
саналат. Студент-юристтердин эң ири эл аралык сынагында Максут
Нарикбаев университетинен келген казакстандык команда
жеңишке жетти. Эми алар өлкөнү Гонконгдогу 23-Vis East Moot ири аянтчасында
көрсөтүшөт.
Ширин Махмуталыева, Максут Нарикбаев атындагы
университеттин студенти:
– Эмне үчүн биз жеңдик? Менимче, биз
тараптардын, жоопкердин алсыз жактары кайда экенин билебиз жана алар менен
иштей алабыз. Алсыз жактарды кардардын пайдасына айландыра алабыз. Менимче,
ушунун аркасында жеңишке жеттик.
Арууке Самсаалиева, Борбордук
Азиядагы Америка университетинин студенти:
– Биздин команда көптөгөн
университеттердин командалары менен ат салышып, финалга чейин жете алды. АКШда
он төртүнчү орунда турган Washington State сыяктуу командаларды утуп алдык бул
жыйынтык менен абдан сыймыктанабыз. Бул жума бизге спикер катары өсүүгө жардам
берди. Борбордук Азиянын студенттерин чындап бириктирди.
Иш-чаранын алкагында арбитражда жасалма интеллектти
колдонуу боюнча жаңы демилгелер да көрсөтүлдү. Санариптик чечимдер талаштарды
кароону тездетип, Казакстандын инвестициялык тартымдуулугун жогорулатат.
Томас Крюммель, Эл аралык арбитраждык борборунун төрагасы:
– Биз жасалма интеллект боюнча жетектөөчү принциптердин долбоорун иштеп чыгуунун алдында турабыз. AI талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүүдө жана сот иштеринде колдонулушу мүмкүн болгондуктан, аны колдонуунун чектери жана белгилүү бир эрежелери болушу керек. Мен ар дайым «адамдык элементти» сактап калышыбыз керек деп айтам. Ал жоголуп кетпеши зарыл. Бул сунуштар жарыяланат жана алардын негизинде борбордун арбитраждык процедуралык эрежелерин да жаңыртабыз. Биз аларды модернизациялап, AI колдонууну киргизебиз — бул ушул жылы ишке ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

