Кытай менен эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү Казакстан үчүн башкы артыкчылык болуп саналат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңеши Премьеринин орун басары Дин Сюэсян менен жолугушууда маалымдады. Президент казак-кытай мамилелери өз ара пайдалуу, натыйжалуу мамлекет аралык өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү экенин баса белгиледи. Жолугушууда өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечеги жана абалы, ошондой эле, эки мамлекеттин лидерлери мурда жетишилген макулдашууларды өкмөттөр тарабынан ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Дин Сюэсян Касым-Жомарт Токаевге Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын саламын жеткирип, жалпы кызыкчылыктарга жооп берген, аймактагы тынчтык менен стабилдүүлүккө салым кошкон эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү ыргагына канааттангандыгын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков