Президент «Байтерек» улуттук башкаруучу холдингинин башкарма төрагасын кабыл алды

Президент «Байтерек» улуттук башкаруучу холдингинин башкарма төрагасын кабыл алды

Президент «Байтерек» холдингинин башкарма төрагасы Рустам Карагойшинди кабыл алды. Өткөн жылы компаниянын тобу тарабынан 6 триллион теңгеге жакын колдоо көрсөтүлгөн. Анын ичинен 4 трлн теңге бизнеске, 2 трлн теңге турак жай-курулуш секторуна багытталган. Президентке чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен фонддор аркылуу айыл чарба, кайра иштетүү жана тоо-кен металлургиясы тармагындагы долбоорлор ишке ашырыла тургандыгы айтылды. Касым-Жомарт Токаев экинчи деңгээлдеги банктар менен биргеликте энергетика жана коммуналдык секторлорду модернизациялоо боюнча улуттук долбоорду ишке ашырууга каражат тартуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков