А. Гуттериш: Ооганстан террордук уюмдардын уюгу болбошу керек

А. Гуттериш: Ооганстан террордук уюмдардын уюгу болбошу керек

Эл аралык коомчулук Ооганстан террористтик уюмдардын уюгуна айланып кетпеши үчүн бардык күчүн жумшашы керек. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин аталган өлкөдөгү кырдаал боюнча чукул жыйынында билдирди. Ошондой эле, Уюмдун башчысы «Талибдерден» жана бардык тараптардан эл аралык мыйзамдарды урматтоону, калкка гуманитардык жардам көрсөтүүнү тоскоолдуксуз жеткирүүнү суранды.

Антониу Гутерриш, БУУнун Баш катчысы:

- Мен эл аралык коомчулукту Ооганстандагы глобалдык террористтик коркунучту басуу жана адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн биригүүгө, чогуу иштөөгө жана бирге аракеттенүүгө чакырам.

Ал арада Кабулдагы абал туруксуз бойдон калууда. Бүгүн Ооганстандын борборундагы талибдердин колуна өткөн аэропорт америкалык жана британ аскерлеринин көзөмөлүндө. Аба порту чет өлкөдөн саясий башпаанек алган чет элдиктерди жана жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо үчүн колдонулат. Бирок качкындардын саны дагы абдан көп. Жакын арада АКШ ал жакка дагы 500 аскер жиберет. Учурда ал жерде 2500 америкалык жана 700 британиялык аскер бар. Өз кезегинде Жо Байден америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу чечимине таптакыр өкүнбөстүгүн билдирди.

Джо Байден, АКШы Президенти:

- Биздин Ооганстандагы миссиябыз эч качан улут түзүү жөнүндө болгон эмес. Ал эч качан бирдиктүү, борборлоштурулган демократияны түзүүгө багытталган эмес. Бүгүн биздин Ооганстандагы бирден-бир улуттук кызыкчылыгыбыз мурдагыдай эле бойдон калат. Бул - Америка Кошмо Штаттарына террордук чабуулдун алдын алуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков