Казакстандын Президенти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти ЕЭК Коллегиясынын Төрагасын кабыл алды

Бүгүн Казакстандын Президенти Евразия экономикалык комиссиясы башкармалыгынын төрагасын кабыл алды. Бакытжан Сагинтаев ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана 2026-жылы Казакстандын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун артыкчылыктарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама жасады. Касым-Жомарт Токаевге интеграциялык бирикменин өлкөлөрүнүн ЕАЭБ алкагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүсүнүн аяктагандыгы тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, Бакытжан Сагинтаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына жана V Евразия экономикалык форумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берди. Алар бугу айынын 28-29 күндөрү Астана шаарында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков