Президент Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Президент Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев менен Нурлан Ермекбаев Акордодогу жолугушууда Казакстандын Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында көтөргөн негизги приоритеттерин ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Мамлекет башчысы жана эл аралык уюмдун Башкы катчысы ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүү келечегин карашты.  Президент биздин республика дүйнөлүк саясаттын заманбап чакырыктарына ыкчам жооп бере ала турган бул уюмдун ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Кытайдын ШКУдагы учурдагы төрагалыгын жогору баалап, анын механизмдерин мындан ары өркүндөтүүгө колдоо көрсөттү.

Которгон: Назира Бегалиева