Президент
мамлекеттик жана коомдук ишмер Куаныш Султановго «Мекен» орденин тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев окумуштууну сексен
жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
Куаныш Султанов ар кайсы жылдары басма сөз жана маалымат министри,
Премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Бир катар өлкөлөрдө дипломатиялык
кызматта турганда ал өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө чоң салым кошкон.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Сиз өлкөбүздөгү парламентаризм институтунун өнүгүшүнө
чоң салым коштуңуздар. Жогорку Кеңеште депутат, төраганын орун басары болдуңуз.
Андан кийин үч жолу Сенаттын, эки жолу Мажилистин депутаты катары мыйзам
чыгаруу ишинин борборунда жүрдүңүз. Актуалдуу маселелерди козгодуңуз. Сиз азыр
коомдук жумуштан алыстаган жоксуз. Менин оюмча, сиздердин талыкпаган инсандыгыңыздар,
мамлекеттүүлүгүңүздөр, адамгерчиликтүүлүгүңүздөр жаштарга үлгү болот деп
ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

