Президент чет элдик инвесторлор кеңешинин 37-пленардык жыйынын өткөрдү

Президент чет элдик инвесторлор кеңешинин 37-пленардык жыйынын өткөрдү

Быйылкы 5 айда Казакстандын экономикасы 6 пайызга өстү. Ага транспорт жана логистика, курулуш, соода, тоо-кен өнөр жайы менен кайра иштетүү тармагы салым кошту. Бул тууралуу президент чет өлкөлүк инвесторлор кеңешинин 37-чи пленардык отурумунда билдирди. Казакстандын стратегиялык жактан жайгашуусу менен реформаларды жан-жактуу жүргүзүүсү инвесторлорго да, улуттук экономикага да мол мүмкүнчүлүк берип жатат. Инвестициялык штаб инвестиция салам деген ишкердин маселесин «ушул жерде жана дал азыр» принциби менен чечип келет. Аталган штаб 70 миллиард долларды түзгөн 137 долбоорго колдоо көрсөттү. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Тоо-кен тармагы – өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайынын негизги тиреги болуп кала берет. Казакстан тоо-кен өнөр жайынын жана металлургиянын дүйнөлүк маанисин түшүнүү менен инвесторлор үчүн ачык, ар тараптуу мыйзамдар аркылуу туруктуу жана ыңгайлуу юрисдикцияны калыптандырды. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкөбүздөгү геологиялык чалгындоо иштерине дүйнөлүк ири оюнчулар – Rio Tinto, Fortescue, Ivanhoe, First Quantum жана Tech Resources компаниялары келди. Жаңы Салык кодексинде чийки затты өлкө ичинде терең иштетүүнү шыктандыруучу роялти тартиби каралган. 

Азыркы учурда негизги багыттардын бири – чийки затты терең иштетүү. Айдоо аянттары жана жайыттардын көлөмү боюнча өлкө дүйнөдө алтынчы орунда турат. Дан экспорту боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирет. Бул жаатта да инвесторлор алдыңкы технологияларды киргизип жатышат. Казакстандын транзиттик хаб катарындагы макамын бекемдөөгө басым жасалат. 2029-жылга чейин 5 миң чакырым жаңы темир жол салынат. Тармакты өнүктүрүүгө инвесторлор күч жумшап жатышат. Санариптештирүү боюнча да алдыда. БУУнун рейтингинде алдыңкы 30 өлкөнүн катарында. Президент өнөктөштөрдү жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү багытында иштөөгө чакырды. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Астана эл аралык каржы борбору Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча Глобалдык каржы борборлорунун индексинде биринчи орунду ээлейт. Ошондой эле жашыл жана санариптик каржы боюнча аймакта лидер болуп саналат. Өлкөбүздөгү транзакциялардын 89 пайызы колго накталай акчасыз ишке ашырылат. Ал эми акыркы төрт жылда мобилдик банкингди колдонуу 460 пайызга өскөн. Биз CryptoCity жаңычыл пилоттук аймагын түзүүнү пландап жатабыз. Анда товар сатып алууга, кызматтарды жана башка да максаттарга криптовалютаны пайдаланууга болот. Өлкөбүз үчүн жасалма интеллектти илгерилетүүнүн стратегиялык мааниси зор. Жасалма интеллект мамлекеттин келечектеги өнүгүүсүнүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана санариптик эгемендүүлүгүнүн башкы фактору. 

Быйылдан баштап мамлекеттик органдар Башкы прокуратуранын макулдугусуз инвесторлорго текшерүү жүргүзө албайт. Административдик иш козгобойт, арыз бере албайт. Демек, өлкөдө инвесторлор менен ыкмалдаштык тек гана күчөйт. Жыйынтыгында Президент мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда башкы ролду ойной турганына ишеним билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков