Евразия өнүктүрүү банкы Казакстан экономикасынын өсүү боюнча божомолун жакшыртты

Евразия өнүктүрүү банкы Казакстан экономикасынын өсүү боюнча божомолун жакшыртты

Евразия өнүктүрүү банкынын болжолунда өлкө боюнча жакшыртылган божомол жарыяланды. Талдоочулардын айтымында, буга мамлекеттин экономиканы ар тараптандыруу боюнча демилгелери, пландаштырылган инвестиция, ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү көмөктөшөт. Эл аралык институттун түшүндүрмөсү боюнча, бул чаралар мунайдын баасынын күтүлүп жаткан төмөндөшүнүн терс таасирин жоюуга жардам берет. 2024-жылы пайдаланууга бериле турган жаңыртылган деңиз объектилеринин кубаттуулугун толук пайдалануу экономиканын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизери пландалууда. Акча-насыя саясатынын жумшартуусу кредиттөө жана экономикалык активдүүлүктү да жогорулатат. Дүйнөлүк экономика алсыздоодон чыкканда экспорт көбөйөт. Ошол эле учурда Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча Казакстанда инфляциянын деңгээли басаңдайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков