Казакстандын экономикасы быйыл өсөт. Өлкөнүн ИДПсы 5,3
пайызга жетет. Көрсөткүчтөрдүн өсүшү тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын
аналитиктери айтууда. Инфраструктурага мамлекеттик инвестициялар жана
ресурстарды казып алуунун көлөмүнүн көбөйүшү болжолдоону жакшыртууга негиз
болду.
Геннадий Рау, Азия өнүгүү банкынын экономисти:
- Болжолдоо өндүрүштүн, мунай өндүрүшүнүн өсүшүнө
байланыштуу, тагыраак айтканда эки орундуу сандарга чейин жогорулатылды.
Ошондой эле кайра иштетүүчү капиталга инвестициялардын жана курулуш секторуна
инвестициялардын өсүшү дагы себеп болду. Кийинки жылы Казакстандын экономикалык
өсүшү АКШ президентинин администрациясы жарыялаган тарифтерден улам келип
чыккан глобалдык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуудан улам бир аз басаңдашы күтүлүүдө. Ошондуктан
дүйнөлүк экономиканын жалпы басаңдашы орун алышы мүмкүн, бул дагы Казакстандын
экономикасына таасирин тийгизет.
Эскерте кетсек, Казакстандын ИДӨ өсүү болжолун башка каржы
институттары да жакшырткан. Мисалы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү
банкынын анализи боюнча, өлкөнүн экономикасы 2025-жылы 5,7%га чейин өсөт. Эл
аралык валюта фондунун эсептөөлөрү боюнча - 5%га чейин, ал эми Евразия
өнүктүрүү банкы ИДӨнүн 5,5% деңгээлинде көбөйүшүн күтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

